БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткандардын ичинен бир суткада 22 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, сакайгандардын жалпы саны 1088 болду.
"Бир суткада коронавирустан айыккандардын 16сы Бишкектен, бешөө Нарындан, бирөө Ош облусунан. Бардык бейтаптардан кайталап алынган анализ таза чыкты", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.