Ишембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 30-май, ишемби күнү, Чүй өрөөнүнүн тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир аймактарында жана Нарын жергесинин көпчүлүк өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Таласта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Кыргызстанда жай быйыл адаттан тыш ысык болот. Климатологдордун божомолу
Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери айтылды.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Таласта +26…+31, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарында +22…+27 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +29…+31 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +32…+34 градуска чейин жетет.