Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?

Аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя айылынын тургундары экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал жакшырып калды. Ооруну убагында токтотуп калууга жетиштик. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя деген бир айылдын тургундары болгон.

"Бул айылда 38 кишиден коронавирус табылган. Бүгүнкү күндө анын 33ү айыгып чыгып, бешөө дарыланып жатат. Ал жакта ооруну убагында токтотууга жетиштик. Бейтаптын баары Каныш-Кыя айылында жашачу. Карантин киргизип, башка айылдарга каттоонун баары токтогон. Азыр ал жакта абал жакшырды", — деди Боронов.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

Нарында 22 аялдын төрөт бөлүмдүн эшигин талкалап чыгып кетиши боюнча иш козголду
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.