Кыргызстанда канча ири мүйүздүү мал бар? Базага кирген жандыктардын тизмеси

ЕАЭБ курамына киргенден бери өлкөдө малды идентификациялап, бирдиктүү базага киргизүү иштери башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстанда ири мүйүздүү мал менен чочко толук идентификациялоодон өтүп, бирдиктүү базага киргизилди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

"Азыр Кыргызстанда 1 миллион 720 миң ири мүйүздүү мал, 22 500 баш чочко бар", — деди ал.

Жумакановдун айтканы боюнча, азыр базага киргизилгендердин саны төмөнкүдөй:

  • асыл тукум жылкы — 1380 баш;
  • канаттуулар чарбасы — 28 ишкана;
  • балык чарбасы — 42 ишкана;
  • бал челек чарбасы — 149 ишкана.

Аталган чарбанын түрү боюнча ишканаларды каттоо иштери уланууда.

Буга чейин Кыргызстан боюнча ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 137 кыргызстандык компания киргизилгени айтылган. Алар кайсы тармакта иш алып барарын Sputnik агенттигинин материалынан көрсөңүз болот.