Баткенде өрүк бышып, багбандар сатыкка чыгарууда. Сүрөт

Баткен облусунда жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйналып алынат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда иштетилсе, 80 пайызы чет мамлекеттерге сатылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу сорту толугу менен бышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, багбандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап, сатыкка чыгарууда.

Фермер, дыйкандар жеңилдетилген насыяны кайдан кантип алса болот? 6 суроого жооп
Жаңы-Жер айыл аймагы деңиз деңгээлинен 400 метр төмөн жайгашкандыктан, климаты ысык келип, жер-жемиш эрте бышары белгиленет.

Ал эми Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар жерде өрүк багы бар. Андан жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйнап алынат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда иштетилсе, 80 пайызы чет мамлекеттерге сатылат.