1-июндан баштап иштечү тармактардын тизмеси айтылды

Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар акырындык менен ишин жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларды кабыл ала баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда 1-июндан баштап ишке кирчү тармактарды санап берди.

Алар:

  • бардык өндүрүш тармактары;
  • калган тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр;
  • бардык калкты тейлөө борборлору;
  • аудит жана консалтинг компаниялары;
  • рекламалык агенттиктер;
  • эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар.