БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форумда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Форумдун максаты — бүгүнкү түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү. Иш-чара чет мамлекеттердин президенттери, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилери жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда видеоконференция форматында өтүп жатат.
Жээнбеков экинчи этап менен саламаттык сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады. Мындан сырткары, экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программалардын зарылдыгын белгиледи.
"Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм", — деди Жээнбеков.
Өлкө башчы коронавирус пандемиясы саламаттык сактоонун гана көйгөйү болуп калбаганын, ал бардык өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканына токтолду.
"Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олуттуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал", — деди Жээнбеков.
Президент Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле "Чоң жыйырмалык" өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айтты.