Жээнбеков эл аралык форумга катышып, пандемия маалындагы өнүгүүнү талкуулайт

Видеоконференцияга чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылган учурда өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш-чара видеоконференция форматында өтөт.

"Онлайн-жыйынга Жээнбеков Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайканын өкмөт башчысы Эндрью Холнесс жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакыруусу боюнча катышмакчы. Анда чет мамлекеттердин башчылары, эл аралык уюмдар, каржы институттарынын жетекчилери жана Гутерриш өзү болуп коронавирус мезгилинде өнүгүүнү каржылоо маселесин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Форумду Канада жана Ямайка өкмөттөрү уюштуруп жатканы маалым болду.