Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.