Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

Ысык-Көл: Россиядан келип үй карантинде отурбай койгондор обсервацияга алынды
"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.