Боронов: вирустун очогу көбөйүп, медиктерге өзү кайрылгандардын саны өстү

Биринчи вице-премьер санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керектигин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коронавирусту качан жана кайдан жуктуруп алганын билбей, өздөрү ооруканага кайрылган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Ал оору көп тарап жаткандыктан коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

"Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып жатат. Алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес. Кайдан кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт. Бул оору очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек", — деди Боронов.

Ал жарандар кайдыгерлиги үчүн жоопко тартыларын эскертип, коомдук жайларда, транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн бет кап кийүү керектигин айткан.