Ош: ӨКМдин куткаруучусу дезинфекциялоочу жаңы аппарат жасады

Куткаруучу жасаган жабдуу Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык-карантиндик постуна орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында куткаруучу болуп иштеген сержант Аяз Төрөмурзаев дезинфекциялоо системасын ойлоп таап, жасады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, куткаруучу коронавирустун алдын алуу максатында күн сайын дезинфекциялоо иштерине катышкан.

"Аяз санитардык блокпостко кызмат өтөп жаткан учурунда жөн отурбай дезинфекциялоочу системасын жасаган. Учурда ал жабдуу Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык-карантиндик постуна орнотулду", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ аталган посттон бир суткада кеминде 5000ден ашуун автоунаа өтөрүн кошумчалады.