Министрлик: COVID-19дан өз алдынча дарыланам деп реанимацияга түшкөндөр бар

Нурболот Үсөнбаев өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн, ден соолугун коркунучка кептебей, оорунун алгачкы белгилери пайда болору менен медиктерге кайрылуу зарылдыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандар өз алдынча дарыланууга аракет кылып жатып ооруну күчөтүп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган учурлар болууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Өзү билемдик кылып ар кандай дарыларды, чөптүн кайнатмаларын ичкендер бар. Мунун артынан оору күчөп кетип, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калып жатышат. Айрымдары ар кимдин туура эмес кеп-кеңештерин угуп алган фактылар катталууда”, — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, жадагалса медицина кызматкерлеринин арасында дагы өз алдынча дарыланып көргөндөр кездешип жатат.

Мындан улам Үсөнбаев элге кайрылып, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн, ден соолугун коркунучка кептебей, оорунун алгачкы белгилери пайда болору менен медиктерге кайрылуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Кыргызстандын үч аймагында коронавирустан 28 бейтап айыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.