"Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат. Сүрөттөр

Эске салсак, туура бир жыл мурда аталган аэропорот каттамдарды кабыл албай калганы айтылган. Аба майданды сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси толугу менен реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

"Кыргыз өкмөтүнүн 2016-2020-жылдары жарандык авиация тармагын өнүктүрүү, өлкө президентинин региондорду өнүктүрүү программаларынын алкагында "Исфана" аэропортунда оңдоо иштери жүрүүдө. Негизги максат — аймактагы аэропортторду жакшыртуу, ички каттамдарды көбөйтүү жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, аэропорттун имаратын оңдоо жана кеңейтүү иштери былтыр бүткөн. Ага "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКсынын каражаты сарпталган.

Эске салсак, туура бир жыл мурда аталган аэропорот каттамдарды кабыл албай калганы айтылган. Майданды сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди аныктаган.

Айта кетсек, өлкө аймагында 11 аэропорт бар. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо ички каттамдар боюнча иш алып барат.