Кадамжайда жаштар майып классташына үй салып, ичин кошо жасап беришти. Сүрөт

Жаңы конуштуу болгон Жусуповдун жана энесинин көзү көрбөйт. Классташтары курулуш материалдары үчүң 350 миң сом сарптаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 1990-жылкы тургундары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй салып, ичин да бүтүрүп беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы конуштуу болгон Жусуповдун үй-бүлөсү чоң, жети киши жашайт. Өзүнүн жана энесинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген — азиз.

"Жусуповдун классташтары үй салуу демилгесин көтөрүп, ашар жолу менен бүтүрүп беришти. Жаштар курулуш материалдары үчүн жалпы 350 миң сом каражат сарпташты. Ошондой эле үйдүн ичин дагы жасап беришти", — деп айтылат маалыматта.

Демилгелүү жаштарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы мындай жакшы демилгеси үчүн ыраазычылык каттарын тапшырган.