Москвадан Бишкекке учуп чыккан 372 келиндин 319у кош бойлуу

Уча тургандардын тизмеси атайын жумушчу топтун отурумунда бекитилген. Анын курамына Кыргызстандын ар бир регионунун өкүлдөрү, кыргыз диаспоралары тарабынан сунушталган дарыгер, юристтер кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. Бүгүн, 26-майда, Москвадан Бишкек шаарына 372 кыргызстандык атайын каттам менен учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аталган каттам менен 319 кош бойлуу аял, эки жашка жете элек чүрпөлөрү менен 53 келин жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандыктар кош бойлуулукту тастыктаган маалым кат жана учууга уруксат берген кагаздын негизинде жолго чыкканы кошумчаланат.

"Ошол эле учак менен дагы 26 жаран кетти. Ал жүргүнчүлөр эконом-класстын баасынан алты эсе кымбат бизнес-класстын билеттерин сатып алган. Көпчүлүгү ооругандар жана жакындарын акыркы сапарга узатуу үчүн чыккандар. Андан сырткары, Россия тараптын суранычы менен дагы беш адам кошулду", — деп элчиликтен билдиришти.

Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
Учактагылардын тизмеси атайын жумушчу топтун отурумунда бекитилген. Анын курамына Кыргызстандын ар бир регионунун өкүлдөрү, кыргыз диаспоралары тарабынан сунушталган дарыгер, юристтер кирген. Жумушчу топ ар бир маалым катты текшерип, ишеничтүү болуусу үчүн ал кагаздарды берген медициналык мекемелерге чалып чыккан.

"Дарыгерлердин чыгарып берген бүтүмү менен 33 кош бойлуу келинге учууга уруксат кагаздары берилген эмес. Себеби алардын айрымдарынын ай-күнү жакындап калган жана жолго чыгуу ден соолугуна терс таасир бермек (алардын экөө Кыргызстанга учаар алдында төрөгөн)", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурун уюштурулган каттамга 23 кыргызстандык түшпөй калган. Ага аэропорттогу кезектин сакталбаганы себеп болгон. Алардын арасында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кош бойлуулар да болгон.