Москвадан учуп келген 450 кыргызстандык обсервацияга алынды. Сүрөт

Министрликтен учак менен келгендердин баары обсервацияга алынып, тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтө тургандыгын баса белгилешүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Москвадан атайын каттам менен учуп кеткен 450 кыргызстандык (393 чоң киши, 57 бала) Бишкек шаарына конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, сырттан алып келингендердин бардыгы обсервацияга алынат.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан жүргүнчүлөрдүн тизмеси комиссия тарабынан түзүлдү. Анын курамына кыргыз диаспора өкүлдөрү, Москва шаарындагы кыргызстандык клиникалардын дарыгерлери жана КРдин Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү кирген. Учурда Кыргызстанга келген жарандардын бардыгы бекитилген тартиптин негизинде тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат", — деп жазылган маалыматта.

Министрликтен чет жактагы мекендештерди мекенине алып келүү иштери улантыла тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин Москва шаарынан Бишкекке учуп чыккан 393 адамдын 319у кош бойлуу аял экендиги кабарланган.