Ош: шаарда дагы деле гуманитардык жардам сурагандар бар

Ош мэриясынан билдиришкендей, учурда муктаж болгон калаа тургундары ишеним телефону жана жети административдик аймактын жетекчиликтери аркылуу жардам сурап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ош шаарында дагы деле муктаж үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

"Бул максатта кыргыз өкмөтү Ош шаарына 18 миллиондон ашык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 4 миллион сом бөлгөн. Шаардык бюджеттен дагы каражат каралган. Бүгүнкү күндө анын бардыгы аягына чейин таратылып бүтө элек. Жардам сурап кайрылгандарга берүүдөбүз", — деди Турдуев.

Белгилей кетсек, 26-майга карата Ош обулусу боюнча коронавируска кабылгандардын саны 346га жетти. Алардын 135и Ош шаарында.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Ирандан Кыргызстандын беш жаранын жана гуманитардык жүк алып келишти
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.