Сынган теректер, учкан чатыр. Ак-Талаа, Ат-Башыдагы шамалдын кесепети. Видео

Бир райондо шамалдын ылдамдыгы 20 метрге жетсе, экинчи аймакта андан жети метрге ылдам болгон. Шамал бир нече имаратка зыянын тийгизди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда кечээ катуу шамал болуп, үйлөрдүн жана дүкөндөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 25-май күнү 18:00дөр чамасында Ат-Башынын аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал болгон. Ал Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын жана ошол аймактагы сарайдын 72 чарчы метр чатырын алып кеткен.

Ысык-Көлдө 4,5 баллдык жер титирөө катталды
Ошол эле күнү кечки саат жети жарымдар чамасында Ак-Талаа районунун Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк жана Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал катталган. Анын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кече, азык-түлүк саткан дүкөндөр менен ашкананын чатырларын учуруп кеткен.

Учурда эки айылда тең Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүп жатат.