Бишкектеги Улуттук госпиталдан дарыланып чыккан кишиден коронавирус аныкталды

Медиктер жана ал киши менен байланышта болгон бардык бейтаптар анализ тапшырып, учурда жыйынтыгы күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте Улуттук госпиталдан дарыланып чыккан эркектен коронавриус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Медиктер жана ал киши менен байланышта болгон бардык бейтаптар анализ тапшырып, учурда жыйынтыгы күтүлүүдө. Ал өз каалоосу менен анализ тапшырып, жыйынтыгы вируска кабылганын көрсөткөн.

Бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылды.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Кайрадан саны өсүп... COVID-19 дагы жети ак халатчанга жукту
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.