Кыргызстан-Канада медиктери COVID-19 менен күрөшүү боюнча кызматташууну сүйлөшүүдө

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери медицина тармагындагы кызматташтыкты талкуулаган. Анын ичинде COVID-19 менен күрөшүү маселеси жана башка темалар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандык жана канадалык дарыгерлер коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашат. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт
Маалыматка ылайык, министр Чыңгыз Айдарбеков Канаданын ТИМ башчысы Франсуа-Филипп Шампан менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча кызматташууну талкуулаган. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык финансы институттарындагы карыз жүгүн жеңилдетүү жөнүндө сүйлөшкөн.

"COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз катышкан эки өлкөнүн медицина адистеринин ортосунда байланышты түзүү макулдашылды. Бул — тажрыйба алмашуу максатында жасалып жаткан аракет. Мындан тышкары, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана гуманитардык байланыштарды илгерилетүү жагынан да кызматташуу пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги талкууланган.

Учурда Кыргызстанда 1500гө жакын киши вирус жуктурса, Канадада ооругандардын саны 86 миңден ашат.