Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео

Испанияда коронавирустан улам карантин эрежеси катуу киргизилип, элдин ары-бери каттоосуна тыюу салынган.
Sputnik

Малагалык (Испания) Исмаэль Фернандес эки айдан бери көрө элек эшеги менен кантип жолукканын видеого тартып алып, социалдык тармакка жарыялады. Бул тууралуу Cope порталы жазган. 

Жата калып, өлүмүш болуп... Карантинден адам эмес ит да тажаган видео
Бальдо деп аталган эшекти карантин күндөрү Исмаэлдин эжесинин үйүндө калтырып коюшкан. Испанияда коронавирустан улам карантин эрежеси катуу киргизилип, элдин ары-бери каттоосуна тыюу салынган. Алардын катарына эшектин ээси Фернандес кирип калган.

Исмаэль Фернандес карантинден чыгып, эжесиникине келип, чакырганда Бальдо кожоюнуна чуркап келген. Ал эми "Чын эле көрүштүкпү" деп сүйлөгөн ээсине жаныбардын эрээркеп жооп кайтарганын көрүүгө болот.

Баса, Бальдонун өзүнүн Instagram-аккаунтуна беш миңден ашык колдонуучу катталыптыр.