Кайрадан саны өсүп... COVID-19 дагы жети ак халатчанга жукту

Оору жуктурган кызматкерлердин төртөө Бишкектен, үчөө Нарындан. Ал эми бир күндө алты медик ооруну жеңип, ооруканадан чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 35 адамдан табылды
Ага ылайык, оору жуктурган кызматкерлердин төртөө Бишкектен, үчөө Нарындан. Ал эми бир күндө алты медик ооруну жеңип, ооруканадан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, 23-майда бир да медик оору жуктурган эмес. Андан кийинки күндөрү эки-үчтөн чыгып жаткан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 287 учур катталды. Алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.