БУУ коронавирус пандемиясын көтөрө албай бүк түшчү өлкөнү атады

Өлкөдөгү көп ооруканалар жабык болгондуктан Йемендин райондорунун төрттөн бир бөлүгүндө медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Йемен өлкөдөгү социалдык жана экономикалык кыйынчылыктардан улам коронавирус пандемиясына туруштук бере албайт. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариат башкармалыгынын өкүлү Жан-Николь Бозе айтканын "Планета новости" порталына таянып Sputnik радиосу жазып чыкты.

Аталган араб мамлекетиндеги жарандык согуш абалды кыйындатып жиберген. Маалыматта өлкө бийлигинин коронавируска каршы тийиштүү дары-дармектерди жана тесттерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок экени айтылат.

"Пандемияга чейин йемендиктер безгек, малярия жана холераны баштан кечиргендиктен, алардын көбүнүн иммунитети алсыз жана элдин 80 пайызы сырттан келген жардамга муктаж. Мындан тышкары, өлкөдөгү көп ооруканалар жабык болгондуктан Йемендин райондорунун төрттөн бир бөлүгүндө медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ошондой эле акыркы жылдарда балдар арасында эч кандай эмдөө жүргүзүлгөн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариат башкармалыгынын өкүлү Жан-Николь Бозе билдиргендей, коронавирус пандемиясы Йеменде оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Муну менен бирге өлкөдө тест жетишпегендиктен, оору жуктургандардын так саны белгисиз. Азырынча расмий маалыматтарга караганда, COVID-19 жуктурган 212 учур катталып, андан 39 адам көз жумганы айтылууда.