БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Акыркы эки айда дүйнөдөгү эң бай деп табылган 25 адамдын кирешеси коронавирус пандемиясына карабай 225 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу Forbes басылмасына шилтеме кылып "Известия" жазып чыкты.
Алардын ичинен эки айда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг ири киреше тапкан. Анын байлыгы 31,4 миллиар доллардан 86,5 миллиард долларга чыгып, Facebook компаниясынын акцияларынын баасы 60 пайызга жогорулаган. Жыйынтыгында Цукерберг жер бетиндеги бай адамдардын ичинде жетинчи орунду ээлесе, эки айда түртүнчү орунга чыккан.
Миллиардерлердин ичинен онлайн-соода менен алектенген Pinduoduo компаниясынын ээси Колин Чжэн Хуан эки айда 17,9 миллиард доллар таап, байлыгы 35,6 миллиард долларга жетти.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин мүлкү 11,9 миллиард доллардан 106,5 миллардга, франциялык LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын генералдык директору Бернар Арнонун кирешеси 12,8 миллиард доллардан 94,1 миллиард долларга өссө, Berkshire Hathaway инвестициялык фонддун башчысы Уоррен Баффет 69,2 миллиарддын ээси болуп калды.