Түлөбердиевдин жаңы ачылган эстелигиндеги тамгалар түшүп калды. Сүрөт

Мэриядан эстеликтин тамгалар курч нерсе менен кесилип, чийилген дешти. Мындан тышкары, ошол жердеги селкинчектин отургучтары жана оюн аянтчасындагы таштанды челектер уурдалганын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы эле ачылган сейил бактагы өзүнүн эстелигиндеги скотч менен чапталган тамгалар түшүп калды.

Окуянын сүрөттөрүн социалдык тармакка шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жарыялады. Кадрдан "Советского" сөзүндөгү "е" жана "г" тамгалары түшкөнү көрүнүп турат. Парк 7-майда ачылган болчу.

Түлөбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына окуя тууралуу соцтармактан билгенин айтты.  Жергиликтүү тургундар муниципалитеттин кызматкерлерине кечээ майрамда сейил бакта көп адам болгонун, балдар эстеликтин жанында ойноп жүргөнүн айтып беришкен.

"Кечээ эле баары жакшы болчу. Тамгаларды алып кеттик. Эми скотч менен эмес, башкачараак кылып жасайбыз", — деди ал.

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылды. Ажайып сейил бактын видеосу
Ал эми мэриянын маалымат кызматы тамгалар курч нерсе менен кесилип, чийилгенин билдирди. Мындан тышкары, балдардын селкинчегинин отургучтары жана оюн аянтчасындагы таштанды челектер уурдалган.

Мэрия парктын периметри боюнча камералар орнотулганын жана алар жакынкы күндөрү иштей баштаарын эскертти.

Чолпонбай Түлөбердиев — Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген. Буга чейин аталган паркка баатырдын ысымын ыйгаруу демилгесин Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.