БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Вена полициясы түндө Австриянын президенти Александр Ван дер Белленд менен жубайын итальян кафелеринин биринде отурган жеринен тапкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ресторандар 23.00дөн кийин жабылышы керектигин Kronen Zeitung гезити жазды.
Маалыматка ылайык, полиция италиялык популярдуу "Sole" ресторанына саат 00.20лар чамасында барып, коноктордун отурганына күбө болгон.
Мамлекет башчы макала чыккандан кийин Twitter аккаунту аркылуу жооп берген.
"Карантинден бери биринчи жолу тамактанууга бардым. Эки досум менен жубайымды ээрчитип алгам. Биз сүйлөшүп отуруп убакыт кантип өткөнүн билбей калыптырбыз. Өкүнүп турам. Ката кетирдим. Эгер ээси кандайдыр бир чыгымга учураса, буга мен жооптуу болом", — деп жазган президент "Твиттерге" гезитке чыккан макалага шилтеме жасап.
Австрияда 16-мартта жабылган кафе, ресторан жана тамактануучу жайлар 15-майдан тарта белгилүү бир шарттар менен ишин жанданта баштаган. Алардын жумуш убактысы саат 06.00дөн 23.00гө чейин болушу керек. Балдарды кошпогондо, бир дасторкондо төрт адам гана аралыкты сактоо менен отура алат. Кардарлар менен байланышкан кафе кызматкерлери маска тагынышы керек. Ал эми кардарларга маска кийүү талабы коюлган эмес.