БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов эзелки атаандашы Конор Макгрегордун тарыхтагы мыкты мушкерлердин рейтингин чыгарышы боюнча үн катты.
Россиялык спортчу пикирин Twitter баракчасы аркылуу бөлүшкөн.
"Сен жарым жеңил салмакта (61 кг), жеңил салмакта (66 кг) жана жарым оор салмактагы (70 кг) кармаштарда утулгансың. Ошондой эле UFC жана Cage Warriors уюмундагы чемпиондук наамдарыңды эч качан коргогон эмессиң. Жадагалса Сен-Пьер, Силва жана Жонско караганда көп утулгансың. Сен Twitter тарыхындагы UFC уюмунун зор мушкерисиң", — деген Нурмагомедов.
Буга чейин Макгрегор Twitter-аккаунтунда бразилиялык Андерсон Силваны аралаш мушташтын тарыхындагы эң мыкты мушкер деп атап, өзүн экинчи орунга койгон. Үчүнчү орунду канадалык Жорж Сен-Пьерге, кийинкини америкалык Жон Жонско ыйгарган.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында беттешип, анда россиялык мушкер чемпиондук наамын коргоп калган. Ошол убактан бери экөөнүн реванш-кармашы тууралуу көптөгөн божомолдор айтылып, бири-бирине анча жактырбаган маанайда билдирүүлөрдү калтырып келишет.
Бирок жакында эле Конор Хабибдин ооруп жаткан атасы Абдулманап Нурмагомедовго ден соолук каалап, колдоо сөзүн жазган болчу.