Эртеңден тарта Бишкекте 110 троллейбус, 112 автобус каттамга чыгат

Мэрия калаада акырындык менен автобустардын саны мындан да көбөйөрүн айтып, эртең ишке чыга турчу коомдук транспорт шаардыктарды тейлөөгө даяр экенин баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 25-майдан тарта борбор калаада 110 троллейбус, 112 автобус иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, троллейбус менен автобустардын ар бири 11 маршрут менен жүрөт.

"Акырындык менен автобустардын саны мындан да көбөйөт. Ал эми эртең ишке чыга турчу троллейбустар менен автобустар шаардыктарды тейлөөгө даяр. Транспорт кызматынын өкүлдөрү капиталдык ремонт жасап бүтүштү. Коомдук транспорт кадимки тартипте эле иштейт. Бирок санитардык нормалар сөзсүз сакталышы керек. Жүргүнчүлөр менен айдоочулар бет кап, кол капчан болушу шарт", — деп айтылат маалыматта.

Эртең, 25-майдан тарта иштей турган жайлардын тизмеси
Мэрия жолго чыгуудан мурда жана ар бир каттам сайын транспорт каражаттары дезинфекцияланарын кошумчалады. Бардык металл жана пластик нерселер тазаланып, транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелүүсү зарыл экендигин баса белгиледи.

"1-июндан тарта "Тулпар" кызмат көрсөтүү борборлорунда иш жанданат. Ал жактан жеңилдик каралган шаардыктар кызыл түстүү картасын ала алышат. Ал эми көк түстөгү "Тулпар" картасын айдоочулардан, мобилдик оператор кеңселеринен алса болот", — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, эртең коомдук транспорт жарыяланган карантинден улам эки айдан кийин ишин жандантмакчы.