Кыргызстанда өткөн суткада 38 адамдан коронавирус чыкты

Бишкек мэри Азиз Суракматов буга чейин берген маалымат жыйында COVID-19 менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келе жаткандыгын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада  38  кишиден коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1403 болду.

Бишкек мэри Азизбек Суракматов буга чейин берген маалымат жыйында коронавирус менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келе жаткандыгын эскерткен. Буга 25-майдан тарта борбор калаада экономикалык ишмердүүлүк жандана тургандыгы себеп болорун айткан.