Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду, азыр абал туруктуу

Кыргызстандын аскерлеринен жаракат алгандар жок. Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Ага ылайык, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес.

"Тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарган. Саат 11.40тарда эки мамлекеттин чек ара нөөмөтчүлөрү кыска убакытка атышкан. Ал эми 12.20да Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерден жолугуп, сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Чек арада жарадар болгон эки жоокер ооруканадан чыгарылды
Кыргызстандын чек арачыларынан эч ким жаракат алган эмес.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылды. Тараптар окуяны териштирип жатат.

Эске салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Мунун айынан эки мамлекеттин чек арачылары атышып, Кыргызстандын үч жоокери ок жеген.