COVID-19дун экинчи толкуну кандай болот? Дарыгерлердин божомолу

Инфекционист экинчи толкунга даярданууда коронавируска антителону аныктоо негизги мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Коронавирустун экинчи толкуну биринчидегидей күчтүү болбойт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы инфекционисти Елена Малинникова жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, азыркы пандемиядан улам коронавирус менен ооругандардын көбүндө инфекцияга каршы турчу иммунитет иштелип чыгат. Мындай учурда вирус алсыз болот.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, күздө коронавирусту көп адам жуктуруп алышы ыктымал. Бирок азыркыдай толкун, азыркыдай эпидемия болбойт. Анткени калктын көп катмарында иммунитет пайда болот дагы, вирус анын алдында алсыз болуп калат", — деди дарыгер.

КР бийлиги күзгө боолголонгон коронавирустун экинчи толкунуна даярдана баштады
Инфекционист экинчи толкунга даярданууда коронавируска антителону аныктоо негизги мааниге ээ экенин баса белгиледи.

"Бул ыкма менен биз калктын иммунитетинин деңгээлин билебиз. Ошондой эле тест жүргүзүү менен мындан ары канча адамга жана кимге вакцина жасоо керектиги айкын болуп калат", — деди Малинникова.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү күздө коронавирустун экинчи толкунун боолголошкон.