Иранда 107 жаштагы кемпир коронавирустан айыгып кетти

Иранда 19-февралдан бери 133,5 миң адамдын COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, алардын 7,4 миңи кайтыш болсо, 104 миңден ашыгы сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Иранда коронавирус жуктуруп алган 107 жаштагы кемпир айыкты. Бул тууралуу РИА Новости IRNA агенттигине шилтеме кылып жазып чыкты.

"Аятолла Хонсар ооруканасына жаткырылган Шазенд шаарынын 107 жаштагы тургуну коронавирусту жеңди", — деп Арак Ясер Корбани шаарындагы Медицина илимдери университетинин маалымат катчысы кабарлады.

Анын айтымында, учурда байбиченин абалы канааттандырарлык. Бирок анын жашы өтүп калгандыгына байланыштуу толук айыкканга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө калтыруу чечими кабыл алынган.

Иранда 19-февралдан бери 133,5 миң адамдын COVID 19  жуктуруп алганы аныкталып, алардын 7,4 миңи кайтыш болсо, 104 миңден ашыгы сакайып кетти.