22 жаштагы япониялык теннисчи кыз дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды

Осака легендага айланган 38 жаштагы америкалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп каражат тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Япониялык теннисчи Наоми Осака аялдардын арасынан дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка ылайык, Осака тапкан кирешеси боюнча америкалык Серена Уильямс менен россиялык Мария Шараповадан озуп кеткен.

Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
22 жаштагы Осака "Чоң Шлем" сериясы боюнча турнирлердин эки жолку жеңүүчүсү. Forbes журналынын эсептөөсү боюнча, ал акыркы 12 айда 37,4 миллион доллар тапкан. Буга жеңиштен жана жарнама келишимдеринен түшкөн каражат дагы кирет.

Бул сумма теннис легендасына айланган 38 жаштагы америалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп.

Forbes журналы 30 жылдан бери эң көп акча тапкан спортчу аялдардын тизмесин түзүп келет. Ошол аралыктан бери бул тизменин сап башынан теннисчи кыздар түшө электиги айтылды.

2020-жылдагы эң бай спортчулардын толук тизмеси журналга кийинки жумада жарыялана турганы маалым болду. 2016-жылдан бери жүздөгөн бай спортчулардын арасына эки аял кошулган.