Чек арадагы чатак боюнча Тажикстандын маалыматы

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүгүн, 24-майда, саат 11ден өткөндө болгон. Кыргызстандык чек арачылардын арасынан ок жегендер жок.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Чек арадагы чатактан улам Тажикстандын бир чек арачысы жаракат алды. Мындай маалыматты Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги аталган мамлекеттин Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Чек ара күчтөрүнө шилтеме берип жазды.

Чатак кыргыз-тажик чек арасында бүгүн, 24-майда, түшкө жуук болгон.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткендиктен, кайым айтышуу болуп кеткен.

"Тажик тараптан белгисиз кишилер кыргызстандык чек арачыларды көздөй ок чыгарган. Болжол менен 11:40тарда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда кыска убакытка атышуу болуп кеткен", — деп билдирген буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматынан.

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду, азыр абал туруктуу
Ал эми Тажикстан тарап — Улуттук коопсуздук боюнча комитетинен чатактан 19 жаштагы катардагы жоокер жарадар болгондугун айтышты.

"Кыргызстандык чек арачылардын огу 2001-жылы туулган Давлатёр Зоировдун бутуна тийген", — деп айтылат маалыматта.

Жоокердин абалы туурасында так маалымат айтыла элек. Кыргызстандык чек арачылардын арасынан ок жегендер жок.