COVID-19: Атайын эсепке канча каражат түшүп, канчасы керектелди

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 23-майга карата 17 миллион 323 миң 282 сом которулуп, анын 16 миллиондон ашыгы гумжардамга жумшалган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөттүн атайын эсебине жеке жана юридикалык жактардан канча каражат түшкөнү белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 23-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 138 миллион 315 миң 869 сом келип түшкөн. Анын ичинен 81 миллион 837 миң 463 сому керектелген.

Өкмөт айрым органдардын кыскартылчу чыгашасын кайтарып берди. Тизме
Өткөн апта менен салыштырсак, 17-майга карата атайын эсепке 137 миллион 798 миң 143 сом топтолуп, анын 79 миллион 817 миң 874 сому жумшалган.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 23-майга карата 17 миллион 323 миң 282 сом которулуп, анын 16 миллиондон ашыгы гумжардамга сарпталган.

Чогулган каражатты Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен биле аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.