Ысык-Көлдө жайкы сезон качан башталат? Расмий жооп

Буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон өлкөдөгү абалга жана чектөөлөргө жараша башталат. Бул тууралуу брифинг учурунда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, азырынча мамлекет тарабынан жайкы сезонго байланыштуу тиешелүү чечимдер кабыл алына элек.

"Жыл сайын облус аймагында эс алуучуларды тосуп келген ишкерлер, мекемелер быйылкы сезон кандай болот деп жатышат. Менимче, быйыл биз кырдаалга караша аракет көрөбүз, себеби азыр бул боюнча мамлекеттик деңгээлде чечимдер жок. Эгерде вирустан жакын арада арыла алсак, июнь айынын ичинде сезонго толук даярдык көрүп бүтсөк болот. Андан соң өкмөт июль, август айында туризм тармагынын иштөөсүнө уруксат берсе, өлкө ичиндеги эс алуучуларды тосуп алууга даяр болуп калабыз", — деди Моңолдоров.

Ал ошондой эле туризм тармагынын жай мезгилинде иштөөсү жергиликтүү тургундар үчүн өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн экендигин айткан.