Радио

Алмамбетова: коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин дезинфекцияланат

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова уруксат берилген тармактарда медициналык талаптардын аткарылышы дыкат текшерилип турарын айтты.
Sputnik
Алмамбетова: коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин дезинфекцияланат

Борбор калаада 25-майдан тарта коомдук транспортту жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Алар ар бир каттам аяктагандан кийин дезинфекция жүргүзүшү шарт. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мунун баары турмуш-тиричилик улануусу үчүн айла жоктон жасалууда.

"Өкмөттүн 244-буйругуна ылайык, 25-майдан тарта Бишкектеги базарлар ачылат. Мындан тышкары кафе, чайкана, тез тамактануучу жайларга медициналык талаптарды аткаруу менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилет. Тактап айтканда, отургучтар 50дөн ашпай, аралыгы эки метр болушу зарыл. Ошондой эле музей, театр, айрым машыгуу залдары, бассейндер жана көргөзмөлөр өз ишин жандантса болот. Уруксат берилген ишмердүүлүктөр бет кап, кол кап режимин сөзсүз сактоосу зарыл. Учурда коомдук транспортту жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Алар отуруучу орундарга гана жүргүнчү алышы шарт. Буга утурлай эле ар бир каттам аяктаган соң автобус, троллейбустарда дезинфекция жүргүзүлүшү керек", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал талаптарды сактабаган ишкерлерге Эреже бузуу кодексинин 150 жана 239-беренелеринин негизинде айып салына турганын кошумчалады.