БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Америкалык миллиардерлер коронавируска байланышкан пандемия маалында кирешесин кыйла көбөйтүп алганын Americans for Tax Fairness жана Institute for Policy Studies институттарынын иликтөөлөрүндө жарыяланды.
18-марттан 19-майга чейин "АКШнын бай жашоочулары 600+" тизмесине кирген адамдар 434 миллиард доллар акча табышкан. Мартта эле 614 миллиардер бар экендиги айтылса, май айында алардын саны 630га жеткен.
Пандемия маалында баарынан көп киреше тапкандар Amazonдун башчысы Джефф Безос (ал 34,6 миллиард долларга байыган), Facebook ээси Марк Цукерберг (25,3 миллиард), Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс (сегиз миллиард доллар), Oracle компаниясын негиздегендердин бири Ларри Эллисон (жети миллиард) жана Berkshire Hathaway жетекчиси Уоррен Баффет 564 миллион доллар тапкан.
Дүйнө жүзү боюнча түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу иштин басымдуу бөлүгү онлайн-форматка өткөндүктөн, ушул убакыт аралыгында технология жаатындагы компаниялардын ээлери ийгиликке жетише алган.