Ошто памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады

Учурда Ошко Улуу жана Кичи Памирден келген 11 үй-бүлө Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Алимсеитов мектебинин эски имаратында жашап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн курулуп баштаган үйлөрдөн кабар алды. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. 1,5 гектар аянтка жети үй курулат.

Депутаттар жаңы кодекс менен кызматтык батир маселесин чечмекчи
Андан соң Узарбек Жылкыбаев Алайга көчүп келген памирлик кыргыздарга барып жолугуп, азык-түлүктөр таратылды.

Эске сала кетсек, учурда Улуу жана Кичи Памирден келген 11 үй-бүлө Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Алимсеитов мектебинин эски имаратында жашап жатат.

Буга чейин Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзө турганын билдирген.