Ошто ири наркодилер кармалып, жанынан 1 кг героин алынды

Ош милициясы ири наркодилерди колго түшүрүп, жанынан 1 килограмм 47 грамм героин тапты. Учурда анын өнөктөшү изделүүдө.
Sputnik

ОШ, 22-май – Sputnik. Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Ош облусундагы башкармалыгы баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүдөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин алынган.

Ош: таксисттерди бычак менен коркутуп, акча талап кылды делген киши кармалды
Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Факт Жазык кодексинин 267-беренеси ("Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, өткөн жылы өлкө боюнча жалпы мыйзамсыз жүгүртүлгөн 18 тоннадан ашык баңгизат алынган.