Чек арада жарадар болгон эки жоокер ооруканадан чыгарылды

Баткенде курал колдонулган окуя 8-майда болгон. Жаракат алган чек арачылар Бишкектеги ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Улуттук госпиталдан кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жараат алган үч жоокердин экөө айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми үчүнчү жоокер ооруканада калтырылат. Анын абалы туруктуу. 19-майда академик Миталип Мамытовдун жана Россиядагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун адистеринин катышуусунда консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен бейтаптын дарылануусуна мүнөздөмө берилген.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен

Кыргыз-тажик чегинде ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди. Азыркы абалдары
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министри тажик тарапка нааразычылык нотасын тапшырган.