Бишкекте кафеде өрт чыкты. Видео

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм жана штаб тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

“Аталган даректеги кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм жана штаб тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми өрт чыккан жерде тартылган видео “Короче” Telegram каналына жүктөлдү.

Кадрлардан өрттөнүп жаткан имараттан коюу кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.