Бишкекте кафе эмес, кампадан чыккан өрт чектелди. Такталган маалымат

Буга чейин Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкканы айтылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Садырбаев көчөсүндө кафеден эмес, күйүүчү май сактоочу кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ маалыматты жерине барып тактаган соң билдирди.

Эске салсак, буга чейин Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкканы айтылган эле.

"Такталган маалымат боюнча, күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабырлануучулардын бар-жогу тууралуу маалымат берилген жок.