Жогорку Кеңешке Масалиевдин ордуна келчү талапкер боолголонду

Исхак Масалиев бүгүн, өзүнүн туулган күнүндө, 25-майда Жогорку Кеңештен кетерин, депутаттык мандатын тапшырарын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку Кеңешке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров келиши ыктымал.

Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
Мындай маалымат БШКнын "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкерлер деген бөлүктө жарыяланган.

Парламентке 2015-жылы келген Исхак Масалиев, бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында атайын сөз алып сүйлөп, депутаттык мандатын 25-майда тапшыра турганын айтты.

Нургазы Айдаров Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ак жол" партиясынын, ал эми V чакырылышка "Ата-Журт" партиясынын атынан келген.