Асрандиев: өкмөт Россия менен газдын баасын арзандатууну сүйлөшүүдө

Көгүлтүр оттун баасын жөнгө салуу Россия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өкмөт Россия тарап менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул маалыматты вице-премьер Эркин Асрандиевге таянып өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризис экономикабызга бир кыйла таасир берүүдө. Муну менен бирге АКШ долларына карата улуттук валютанын курсу дагы төмөндөдү. Мунун баары экономикалык ишмердүүлүктүн басымдуу бөлүгүнүн ишин токтотууга алып келди. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү да төмөндөдү. Ошондуктан биз Россия менен жаратылыш газынын чыккан баасын төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул биз үчүн өтө аярлуу маселе болуп саналат", — деди вице-премьер.

Эркин Асрандиев бүгүнкү күндө көгүлтүр оттун баасын жөнгө салуу Россия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөрүн эске салды.

Кыргызстанда газдын жеңилдетилген баасы июлга чейин сакталмай болду
"ЕАЭБ алкагындагы келишимге ылайык, газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда. Учурда Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды кыргыз өкмөтүнүн жана Россия өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Келишимге ылайык сатып алат", — деди ал.

Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланууда. Айтмакчы, бул маселени 19-майда мамлекет башчылары Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда талкуулашкан. Анда Кыргызстан газды ташып жеткирүү тарифтерин чыгарылган өлкөгө карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди колдору белгиленген.