Кыргызстанда бир доллардын баасы 74 сомдон ылдыйлады

Бүгүн эртең менен Бишкектин банк жана акча алмаштыруу пунктуларында доллар 74,5 сомго сатып алынып, 74,7 сомго сатылып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бейшемби, 21-май күнү, Кыргызстанда доллардын баасы улам төмөндөп жатат. Бул тууралуу Valuta.kg порталындагы саат 15:00гө карата маалыматка таянып айтсак болот.

Бүгүн эртең менен Бишкектин банк жана акча алмаштыруу пунктуларында доллар 74,5 сомго сатып алынып, 74,7 сомго сатылып жаткан.

15:00гө карата доллардын курсу төмөнкүдөй болду:

  • сатып алуу — 73төн 73,3 сомго чейин;
  • сатуу — 73,6дан 74 сомго чейин.
  • Москва биржасындагы доллар баасы (Бишкек убактысы боюнча саат 14:40):
  • бүгүнкүгө — 70,87 рубль;
  • эртеңкиге — 70,87 рубль.

Мурдагы суткага салыштырмалуу доллар 1,25-1,26 рублге арзандады.

Энергетикага алынган насыя 6 жыл бою оңбогондой акча менен төлөнөт
Июль айында сатылчу нефтиге коюлган баалар (Бишкек убактысы боюнча 15:00):
Brent үлгүсү (Европа жана Азиядагы баанын түзүлүшүнө таасир этет) — 36,53 (1,58 пайызга кымбаттады);

Light Sweet Crude Oil үлгүсү (Батыш жарым шарындагы баанын түзүлүшүнө таасир этет) — 34,8 (2,27 пайызга кымбаттады).

Быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган. Жыйынтыгында рублдин курсу долларга карата арзандап, анын арты менен сомдун баасы түшкөн. Ал эми доллар эки ирет 85 сомго чейин кымбаттоого жетишти.

Бирок кийин ОПЕК+ кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин 2020-жылдын 1-майынан баштап нефть казуунун көлөмүн суткасына 9,7 миллион баррелге азайтуу чечими кабыл алынган