Өкмөт: быйыл тикелей инвестициянын 50 гана пайызы келчүдөй болуп турат

Учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Өкмөт башчы пландалган инвестициянын көлөмү азаярын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Быйылкыга пландалып жаткан сырттан келчү тикелей инвестициянын 50 пайызы гана ишенимдүү болуп турат. Бул тууралуу парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Өкмөт башчыга депутат Мыктыбек Абдылдаев ушул жылы келет деп күтүлүп жаткан 900 миллион доллар тикелей инвестициянын тагдыры кандай болгудай деген суроо узатты.

"Тикелей инвестициянын 50 пайызы келет деп күтүп жатабыз. Албетте, абал кыйын, бирок мамлекет өзү кепилдик болгон долбоорлор ишке ашырылат. Мисалы, "Жер-Үй" боюнча инвесторлор келе турганын айтышты", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал 250 миллиард сомго чукул жалпы инвестиция дагы пландан төмөнүрөөк болорун кошумчалады.