БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович "Россия 24" телеканалынын эфиринде айтты.
"Карантиндик чектөөлөрдүн азайышы вирус мизин кайтарды дегенди түшүндүрбөйт. Эл коркунуч дагы деле бар экенин түшүнүшү керек. Биринчи толкун болгон жерлерде экинчиси дагы болушу мүмкүн экенин эскертип жатабыз", — деди Вуйнович.
Коронавирус тууралуу
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 21-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 996 472ге жетип, 328 115 адам көз жумду.