Башкы прокурор чет өлкөдө соттолгон канча кыргызстандык кайтарылганын айтты

Сыртта соттолгон жарандарды кайтарып алууга бир катар өлкөлөр жана бирикмелер менен түзүлгөн эл аралык келишимдер жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Былтыр чет өлкөлөрдө соттолгон 144 кыргыз жараны мекенине алып келинди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Ага депутат Жыргалбек Турускулов: "Чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура кандай иштерди алып барып жатат?" - деген суроо берди.

"Негизинен булар Россия жана Казакстанда жазасын өтөп жаткандар. Учурда мамлекеттик тиешелүү органдар дагы башка жарандарды Кыргызстанга которуп алуу боюнча иштерди алып барууда", — деди Жамшитов.

Башкы прокурордун айтымында, башка жакта кылмыш кылып соттолгон кыргызстандыктарды кайтарып келүүгө "КМШ мамлекеттеринин ортосундагы конвенция", "Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу келишим", "Иран жана Кыргызстандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча макулдашуу", "Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы келишимдер" жардам берүүдө.

Депутат Исхак Масалиев парламенттен кетерин жар салды
Ошондой эле Түштүк Корея, Түркия, Белоруссия сыяктуу өлкөлөр менен ар кандай келишимдер бар.

Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын аягына карата берген маалыматка караганда, 1778 кыргызстандык учурда чет өлкөлөрдө жаза өтөп жатат. Алардын көбү Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын абактарында. Түрмөдөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү баңгизат, адам өмүрүнө, ден соолугуна же жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасап соттолгон.